Нарында карда калган чет өлкөлүктөр изделүүдө

Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы районунда аң улоого чыгып кеткен эки топ изделүүдө, алардын арасында төрт чет өлкөлүк жаран бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 17-ноябрда Ак-Сай өрөөнүнө аң улоо максатында өз-өзүнчө эки топ (алдын ала маалымат боюнча, биринчи топто 3 чет өлкөлүк, 10 кыргыз жараны жана экинчи топто 1 чет өлкөлүк, 4 кыргыз жаран бар) чыгып кеткен.

23-ноябрда алар Ат-Башы - Кында - Ак-Сай унаа жолу аркылуу Ат-Башыны көздөй жол тартышкан. Түшкө маал Ак-Сай өрөөнүндөгү “Чатыр-Таш” бекетинен жол жабык дегенине карабастан өтүп кетишкен. Кардын калыңдыгынан унаалар жүрө албай калып, 1-топ “Босого” тилкесинде жана 2-топ “Беш-Белчир” тилкесинде кар күрткүсүнө тыгылып калган.

Аларга жардам берүү үчүн куткаруучулар, фельдшер, туугандары, бардыгы болуп 16 адам Ат-Башы айылынан бүгүн түнү жолго чыгышты. (RK)