Швейцария жараны кайрымдуулук жүгүн өткөрө албай убара болууда

Эдда Хергартен

Швейцария жараны Эдда Хергартен Кыргызстанга алып келип айылдагы муктаждарга бекер таратам деген лыжаларын чек арадан өткөрө албай убара болууда. "Азаттыктын" кабарчыларына айтып бергенине караганда, ал кайрымдуулук максатында Швейцария тургундарынан лыжаларды бекер чогулткан.

Жалпысынан үч тоннадай жүк жыйналган.

Айрымдарын учак менен алып келген, бирок бул үчүн өз чөнтөгүнөн акча төлөөгө мажбур болгон.

- Менден бажы төлөмүн талап кылып жатышат. Бирок мен жеке адаммын, кайрымдуулук уюму же бизнесмен эмесмин. Эч кандай коррупциялык акча төлөгүм келбейт. Баары башынан аягына чейин таза болушун каалайм, - дейт Эдда Хергартен. (RK)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бекер лыжалар Кыргызстанга жетпей турат