Фидел Кастронун көз жумганына байланыштуу Куба аза өтүүдө

Өлкөнү жарым кылымга жакын башкарган Кастронун өлүмү дүйнөнүн ар тарабында ар башка кабыл алынды.

Куба ыңкылабынын жол башчысы, өлкөнү 50 жылдан ашык башкарган Фидел Кастронун өлүмүнө байланыштуу аралдын эли аза күтүүдө. Өлкө боюнча мамлекеттик мекемелерде туулар түшүрүлүп, бардык оюн-зоок программалар токтотулду. Кастрону эскерүүгө арналган массалык митингдер даярдалууда. Ыңкылап жол башчысынын сөөгү анын керээзи боюнча кремацияланды. Эми анын сөөгүнүн күлү 4-декабрда Сантьяго шаарына көмүлөт.

90 жаштагы Фидел Кастронун дүйнө салганы 26-ноябрда расмий жарыяланды. Өлкөнү жарым кылымга жакын башкарган Кастронун өлүмү дүйнөнүн ар тарабында ар башка кабыл алынды. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп көзү өткөн Куба ыңкылабынын жол башчысы Фидел Кастрону “каардуу диктатор” катары сыпаттады. Ал эми учурдагы президент Барак Обама Кастрого тарых баасын берет деген пикирин айтты.