Бишкекте жети күн бою "Манас" айтылат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков.

Мындай иш-чара бүгүн Бишкектин жанындагы “Супара” этнокомплексинде башталды. Анын алкагында бир нече манасчы эпосту жети күн бою тынбай айтышат. Акция 4-декабрда белгиленчү “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулууда.

“Саякбай манасчы” фонду мындай иш-чараны былтыр да уюштурган. (BkA)