Иран: темир жол кырсыгына жооптуулар камакка алынды

Ирандагы темир жол кырсыгы

Иранда 44 адамдын өмүрүн алган темир жол кырсыгынан соң өлкөнүн Мамлекеттик Темир жол компаниясынын директору кызматтан кетти. Бул тууралуу "Франс-пресс" агенттиги кабарлады. Жума күнү Ирандын түндүгүндөгү Семнан аймагында темир жолдо карама-каршы багыттагы эки поезд кагылышкан. Бул кырсык Ирандын тарыхындагы эң чоң темир жолу кырсыгы болуп калды.

Бийликтер поезддердин биринин машинистин жана башкаруу борборундагы үч жооптуу кызматкерди камакка алышты.

26-ноябрда болсо мамлекеттик темир жол компаниясынын директору элден кечирим сурап, кырсыкка жооптуу адамдардын жаңылыштыгы себеп болгонун билдирди.