“Тумар” тобу Словакияда 3-орунду алды

Кыргызстандык бийчи-спортчулардын “Тумар” тобу Словакияда өткөн таланттар сынагында үчүнчү орунду ээледи. 27-28-ноябрь күнкү финалдык беттеште 10 команда күч сынашты. Аталган топтун жетекчиси Эрмек Кадыров билдиргендей, алдыңкы эки орунду словакиялык конкурсанттар алышты.

Майып улан-кыздардан куралган кыргызстандык “Тумар” тобу сынакка “Кыял” аттуу бий менен катышты.

Ошондой бул сынакка Атай Өмүрзаковдун “Адем” бийчилер тобу да барып, өзгөчө бийлери менен көрөрмандарды таң калтырышты. (SE)