Огайодогу кол салуу теракт болушу ыктымал

АКШнын Огайо штатынын полициясы университеттеги кол салууну иликтей баштады. Колумбус шаарындагы полиция башчысы Ким Жакобс “окуяга теракт деп баа бериле электигин, бирок ушул версия изилденип жатканын” билдирди.

28-ноябрда аталган шаардагы мамлекеттик университеттин кампусуна белгисиз адам машине менен бастырып кирген. Андан соң элге бычак менен кол салып, кеминде тогуз адам жараат алган. Куралчан кишини тартип сакчылары атып өлтүргөн.

Кол салган адамдын аты-жөнү Абдул Разак Али Артан экени такталды. Ал ошол университеттин студенти болгон. (SE)