Жасалма документ менен наристе алып бараткан адам кармалды

Ош аэропорту.

Мамлекеттик чек ара кызматы Ош аэропорту аркылуу туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен наристе алып бараткан адамды кармады.

Кармалган жаран 1964-жылы туулган И.У. экендиги аныкталып, Москвага баласы менен учуп жатканын айткан. Бирок паспорт-көзөмөл пунктта жаш курагы кичүү наристенин күбөлүгүн чек арачыларга көрсөткөн.

Кармалган адам УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (SDz)