Сасык тумоого байланыштуу Бишкектеги тогуз мектеп убактылуу жабылды. Мамлекеттик санэпидемиологиялык борбордун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, №6, 12, 22, 28, 40, 57, 61, 66, 79-мектептерде 5-декабрга чейин окуу болбойт.
30-ноябрга карата аталган мектептерде оорудан улам 30 пайыз окуучу сабакка келген эмес.
2-декабрда мэриянын алдындагы координациялык комитет мектептердеги карантин маселесинде жыйынга чогулат.
Ооруга чалдыккандардын 67 пайыздан көбү 14 жашка чейинкилер. Адистер бул сасык тумоо сезондук вирус экенин, өтө кооптуу эместигин белгилешүүдө. (SE)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Айнагүл Рыскулбекова менен маекти бул жерден угуңуз: