Атамбаев: Путин менен Назарбаев президенттикте дагы бир мөөнөт калышымды айтышты

Алмазбек Атамбаев.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев жылдык маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, өнөктөш өлкөлөрдүн президенттерине Кыргызстанда мындай болбой турганын билдирген.

- Биздин эл башкача экенин түшүндүрдүм. Эл кимди татыктуу деп санаса, ошол кишини шайлап алышат, - деди Атамбаев.

Атамбаев өлкөдө президенттик шайлоо таза жана ачык өтөт деген ишенимин билдирди.(AKu/BkA)