Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Иллюстрация

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлигинен билдирип, силкинүүнүн күчү 3,5-4 баллга жеткени маалымдашты.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматтары боюнча 3-декабрда кечки саат 21:11де жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Заалай чокусунда катталган. Жер титирөө чек арага жакын Бор-Дөбө, Эгизээк, Нура айылдарында сезилип, ал жакта силкинүүнүн күчү 2,5-3 баллга чейин жетти. 

Ошондой эле ӨКМ 3-декабрда түшкү саат 13:42де Нура айылынан 30 чакырым алыстыктагы Кытай аймагында күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлады.

Маалыматтар боюнча эки жер силкинүүдөн ​адам өлүмү же кыйроолор катталган жок. (SDz)