Кыргыз сому жаңы үлгүдө чыгат

Жарыкка салганда көрүнчү жазуу.

Улуттук банк айрым акчалардын жасалгасы өзгөргөнүн маалымдады. 1-январдан тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттор бир аз өзгөртүлгөн дизайнда жүгүртүүгө чыгарылат. Бирок түсү, сүрөттөрү алмаштырылбайт. 

Жаңы акчада классикалык ыкма менен даярдалган портрет даана көрүнүп турат. MASK-элементи өзгөрөт, тагыраак айтканда, акчаны жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу көрүнөт. Эски акчалар да пайдаланыла берет.

Улуттук валютанын бардык банкноттору өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. (SE)