Бишкек - орусиялык туристтер эң көп келген шаарлардын бири

Түнкү Бишкек

RoomGuru.ru отелдерди издөө сервиси КМШда орусиялык туристтер арасындагы популярдуу шаарларды аныктады. Рейтинг мейманканаларга быйыл 1-январдан тарта берилген буйрутмалардын негизинде чыгарылды.

Бишкек шаары алдыңкы он калаанын катарында турат. Орусиялык туристтердин тандоосу боюнча түзүлгөн тизме төмөнкүчө: Минск, Тбилиси, Батуми, Баку, Астана, Алматы, Ташкент, Бишкек жана Кишинев.

Адистердин эсебинде, Бишкектеги мейманканаларга бир жарым күндө төлөнчү орточо сумма 53 долларга барабар.

"ТурСтат" агенттигинин изилдөөсүнө ылайык, узап бараткан жылда орусиялык туристтер КМШ мамлекеттерине көбүрөөк саякат кылышты.