Обама: терроризм менен күрөштө АКШнын аскерий кубаты жетишсиз

АКШ президенти Барак Обама.

Кошмо Штаттар терроризм менен күрөшүүдө бир гана аскерий кубатына ишене албайт. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама 6-декабрда улуттук коопсуздук маселелерине арналган жыйынтыктоочу сөзүндө айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле анын администрациясы “Ал-Каиданын” башчысын жок кылып, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун артка чегинүүгө мажбур кылганын кошумчалады. Ошентсе да Обаманын пикиринде терроризм жакынкы жылдары АКШ үчүн чоң коркунуч бойдон калат берет.

20-январда президент Барак Обама өз ыйгарым укуктарын АКШын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка өткөрүп берет. Ал буга чейин азыркы администрациянын терроризм менен күрөшүү багытын сынга алып келген.