17 шаардагы шайлоодо КСДП алдыда

Бишкектеги добушканалардын бири.

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 17 шаарда бийликчил КСДП партиясы эң көп добуш алды. Ал эми Каракөл шаарында “Энергетиктер”, Орловкада “Республика - Ата Журт”, Чолпон-Ата шаарында “Табылга” партиясы жарандардын көбүрөөк колдоосуна ээ болду. Бул шаарларда КСДПга көп добуш берилбесе да, 7 пайыздык босогодон өтүп, мандат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 44 пайыздай жаран катышканын маалымдады.