БУУнун жаңы баш катчысы ант берди

Антониу Гутерреш

Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гутерреш Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы катары ант берди.

Ал кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан баш катчы Пан Ги Мундун ордун басып, 2017-жыл башынан тарта толугу менен ишке киришет.

Кезинде БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары да болуп иштеген Гутеррештин талапкерлиги октябрь айында Башкы ассамблеянын көпчүлүк колдоосуна ээ болгон.