Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызстандын тоолору

Кыргызстанда 14-декабрда жаан-чачын жок. Тоолуу аймактар жана автожолдор тайгак, тоңголок болот. Түштүк- чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14;

Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз +7...+12;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз +6...+11;

Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5; 

Баткен аймагында түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8 градуска чейин көтөрүлөт.

14-декабрда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан ылдамдыгы 3-8 метрди түзгөн шамал согуп турат. Абанын табы түнкүсүн +1...+3, күндүз +12...+14 градус жылуу болот.

Ош шаарында түнкүсүн 0...-2, күндүз +8...+10 градуска чейин жогорулайт. 

15-декабрга чейин күтүлгөн жаан-чачынга, туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош канжолундагы ашууларда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-90-чакырымдарында, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр каттамынын 75-82-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таштын 1-4- чакырымдары, Нарын-Казарман жолунун Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек каттамындагы Чоң-Ашууда, Барскон-Ак-Шыйрак каттамынын Сары-Мойнок жана Сөөк ашууларында кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз каптап турат. Айдоочулар кыймыл аралыгын так сакташы керек, ортодогу аралык 500 метрден узагыраак болушу зарыл.