Машине коюп кеткен милиционердин абалы жакшы

ИИМдин басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, милициянын капитаны Тилек Исаевдин абалы жакшы.

Исаев Чүй облустук патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматында иштейт. 13-декабрда Сокулуктагы рейд учурунда автоунаа сүзүп кетип, бейтапканага жеткирилген. Айдоочу кармалып, иликтөө иштери уланууда. (NT)