Сариева президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүн жетектейт

Элвира Сариева.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Элвира Сариева президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Сариева буга чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, октябрдын этегинде өз арызынын негизинде жумуштан алынган. (NT)