УКМК Аблязовдун айткандарын иликтейт

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мухтар Аблязовдун 2005-жылдагы ыңкылапты каржылаганы тууралуу айткандарын иликтеп чыгууну УКМКга тапшырды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы билдирди.

Казакстандык банкир, мурдагы министр жана оппозициячы Мухтар Аблязов 13-декабрда франциялык Liberation басылмасына маек берген. Анда ал Кыргызстандагы 2005-жылдагы ыңкылапты ишке ашыруу үчүн каржы берип турганын, мурдагы советтик өлкөлөрдүн биринде туура реформаларга алып келген жараяндардын башталганы өзү үчүн маанилүү болгонун айткан.  

Аблязов 2013-жылдын июлунан бери француз абагында кармалып, жакынкы күндөрү эле бошотулган. Казакстан, Орусия жана Украина бийликтеринин аны өткөрүп берүү өтүнүчүнөн майнап чыга элек. Киев менен Москва ага каржылык көз боемочулуктарды жүргүзгөн деген айып койгон. Казакстанда болсо Аблязов БТА банктан алты миллиард доллар уурдаган деп шектелүүдө.

Муктар Аблязов өзү бул айыптардын баарын четке кагуу менен аларды жасалма жана саясий негизде деп эсептейт. Ал мындай айып тагылышын казак президенти Нурсултан Назарбаевдин режимин ачык сындап келгени менен байланыштырат. (NT)