Референдум, эркиндик, мыйзам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзамга өзгөртүүлөр референдумдун жыйынтыгы расмий жарыяланып, президент ага кол койгондон кийин күчүнө кирет. Анда соң мамлекеттин көз карандысыздыгын, улуттук , үй-бүлөлүк баалуулуктарды камсыз кылуучу жана бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын караган ченемдер боюнча мыйзамдарды шайкеш келтирүү жараяны башталат. Бирок конституциялык укук тармагы боюнча юристтер жаңыдан кабыл алынган Баш мыйзамда бирине-бири каршы келген, аткарууга мүмкүн болбогон, укуктук түшүнүктүн алкагынан чыгып, өзгөртүлгөн ченемдер эми иш жүзүндө кантип иштейт деп тынчсызданышууда.