Жалал-Абадга кошумча авиакаттам ачылат

Жалал-Абад аэропорту.

25-декабрдан тарта Бишкектеги "Манас" аэропортунан Жалал-Абад шаарына кошумча авиакаттам ачылып, TezJet компаниясы ар жекшемби “Бритиш аэроспейс–146-200” учагында эл ташый баштайт. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Азыр Бишкек-Жалал-Абад багытындагы каттамды ар шаршембиде “Авиа Траффик” компаниясынын “БАэ–146-200” учагы аткарууда.

Жол киренин орточо баасы 2200 сомдун тегерегинде. Эки шаардын ортосунда учуу убактысы 40 мүнөт. (SE)