Молдокматов башкы прокурордун орун басарлыгынан бошотулду

Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев 16-декабрда кол койгон. Анын негизинде Абай Молдокматов берген арызынын негизинде Башкы прокурордун орун басары кызматынан бошогон. Анын ордуна ким дайындалары азырынча белгисиз.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.