Талас: жармаңкеден түшкөн акча майыптарга берилет

Даам.

Таластагы “Манас ата-Себат” балдар лицейинде 20-декабрда  тамак-аш жармаңкеси уюштурулду. Анда окуу жайдын кызматкерлери тарабынан жасалган 50дөн ашык кыргыз-түрк улуттук даамдары сатылды.

Түшкөн каражат Талас облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бериле турган болду. Мындай жармаңке окуу жайда ар бир үч айда өтүп турат. (AlS)