Немис министри Берлиндеги окуяны чабуул деп атады

Немис жетекчилери курмандыктарга гүлчамбар коюуда.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезье́р Берлиндин эл көп чогулган аянтындагы 12 адамдын өмүрүн алган окуяны террордук чабуул деп атады. Дүйшөмбүнүн кечинде жүк ташуучу автоунаа аянттагы жаңы жылдык жармаңкеге 80 метрдей сүзүп кирип, ондогон адамды тебелеп кеткен. Окуядан кырктан ашык жайкын тургун жаракат алган.

“Кечээ күнкү кейиштүү окуя террордук чабуул болгону тууралуу бизде күмөн калган жок”,-деди министр Томас де Мезье́р.

Немис канцлери Ангела Меркель Берлиндеги бул окуяны айыптап, курмандыктардын жакындарына көңүл айтты.

Полиция алгач автоунаанын айдоочусу деген шек менен бир кишини камакка алган. Бирок кийинчерээк ал шектүүнүн окуяга тиешеси бар же жок экени азырынча так эместигин билдирди.

Айрым маалымат каражаттары чабуулчу Германияга башпаанек издеп келген мигрант болушу мүмкүндүгүн жазып жатышат.