Бишкекте Алеппо курмандыктарын эскеришти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте активисттер Сириянын Алеппо шаарындагы калабада курман болгондорду эскерүү үчүн бүгүн тынч жыйынга чогулушту. Акция Горький сейил багында өттү. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, алар дүйнө элин Сириядагы согушту токтотууга чакырган жазууларды көтөрүп турушат. Коогада өлгөндөргө атап Куран окулду.