Базар-Коргондо ири көмөкчү чордон жаңыланды

Базар-Коргон айылында жайгашкан “Кара-Үңкүр” станциясында калктын электр энергияга муктаждыгы жогорулагандыгына байланыштуу жогорку 10 миң кВА кубаттуулугундагы көмөкчү чордон - трансформатор орнотулду. Бул тууралуу "Жалал-Абадэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Райондо эски көмөкчү чордон союз учурунда орнотулуп, андан бери жаңылана элек болчу. Мындан сырткары станциянын өчүрүп күйгүзүүчү жабдыктары да толугу менен алмашты. Алардын баары Кытайдан жана Түштүк Кореядан алынган. Ал эми эски жабдыктар Ноокен районундагы станцияларга жеткирилет. Жабдыктарды аталган мекеме 7 миллион сомго сатып алган. Ишкана жалпысынан дубандагы 200 миңден ашуун керектөөчүнү тейлейт. (RsK)