Алепподон элди чыгарып кетүү түндө да уланууда

Сириянын Алеппо шаарынан жайкын тургундарды жана козголоңчуларды тынч жакка көчүрүү иштери 21-декабрда да уланды. Кар жаап жаткандыктан эвакуация иштери акырындык менен жүрүүдө, бирок аракеттер түнү да токтогон жок. Бул тууралуу Сириянын Эркин армиясынын өкүлү Усама Абу Заид “Ал-Арабия” телеканалына билдирген.

Мурдараак мамлекетти SANA агенттиги 20 автобус козголоңчулар турган аймакка баратканын маалымдаган. Эл аралык кызыл чырым уюму ал жердеги акыркы жарадар ооруканага жаткырылганын кабарлады. Ошондой эле дарыланууга муктаж жайкын тургундардын баарына медициналык жардам көрсөтүлө баштады.

Акыркы маалыматтар боюнча, 25 миңден ашуун адам шаардан чыгып кетти.

Эвакуация иштери Орусия менен Түркиянын ортомчулугу менен ишке ашырылган тынчтык келишиминин негизинде ишке ашырылууда. Учурда Алеппону Башар Асаддын күчтөрү көзөмөлдөп жатат. (SE)