2017: Орусия экономикасы оңолуу жолуна түшөбү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия 2016-жылды да Ички дүң өнүмдүн төмөндөөсү менен аяктары күтүлүүдө. Бул экономика экинчи жыл катары менен артка кетип жатат дегенди билдирет. Ал эми 2017-жылы ички структуралык көйгөйлөрү менен катар Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусия экономикасы өсүштү карай багыт алат деп болжолдонууда. Анткен менен айрым жергиликтүү талдоочулар буга да ишенкиребей турушат. “Азаттыктан” жыл жыйынтыгына арналган түрмөгүндө азыр Орусиянын экономикалык абалы сөз болот.