Бишкекте президенттик балаты өтүүдө

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаңы жылдык балаты өтүүдө. Майрамдык концертке Кыргызстандын аймактарынан келген 8-14 жаштагы миңден ашык окуучу катышып жатат. Майрам таланттуу балдардын ыр-бийи менен коштолуп, жакшы окугандары президенттин белегин алат.(BkA)