Сирияда ок атууларды убактылуу токтотуу режими күчүнө кирди

Сирия.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишим 30-декабрга караган түндөн тарта күчүнө кирди. Бул – быйыл сентябрдан берки алгачкы тынчтык жараяны. Ал кезде көп сандаган зомбулуктар ачыкка чыгып, режим бузулган болчу.

Буга чейин Сирия президенти Башар Асаддын башкы өнөктөшү - орус президенти Владимир Путин Сирия бийлиги жана анын душмандары ок атууларды токтотууну макулдашканын жарыялаган. Андан бир нече күн мурда Сириянын өкмөттүк армиясы Алепподон козголоңчуларды сүрүп чыгарып, толук көзөмөл орноткон. (NT)