Болот Жусуев Экотехинспекция төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Болот Жусуев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейинки орун басары Марат Таиров былтыр күзүндө бошотулган. Ал оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болгону үчүн кызматтан алынганы айтылган эле.(BkA)