Ирактагы жардыруудан алты адам курман болду

Жардыруу Багдаддын Аль-Обайди шаарында болду.

Ирактын баш калаасы Багдаддын негизинен шиилер байырлаган Аль-Обайди районунда болгон жардыруудан кеминде алты киши курман болду. Жергиликтүү полиция жардыруучу зат автоунаага коюлганын билдирди.

Өткөн жумада Багдадда болгон бир нече теракт ондой адамдын өмүрүн алган. Алардын айрымдары үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз мойнуна алды.

Ушул тапта Ирактын коопсуздук күчтөрү АКШ аба күчтөрүнүн жардамы менен Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлеринен тазалоо операциясын улантып жатышат.