Измирдеги жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандык жок

Жардыруудан кийин.

Түркиянын Измир шаарындагы жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги окуя боюнча тактап, тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Измир шаарындагы сот имаратынын алдында бейшемби күнү кечке жуук жардыруу болгон. Андан эки киши - полиция жана сот кызматкери набыт кетти. Ондон ашык адам жаракат алды.(BkA)