Чукул билдирүү:
7-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, кар күрткүсү топтолот, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Аба ырайы:
8-январда Ош, Нарын облустарынын айрым райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жала-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33, күндүз -17…-22;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…2;
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 суук.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 - 7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -7…-9 градус суук, күндүз 0…2 градус жылуу болмокчу.