Мирзиёев Өзбекстан прокуратурасын “репрессия органы” катары сыпаттады

Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев прокуратураны “репрессия органы” деп сыпаттады жана бул система жараксыз болуп калганын айтып, анын ишине канааттанбасын билдирди. Президент 8-январда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө​ "Прокуратура жазалоо менен гана алектенген репрессия органы болбой, тескерисинче, жарандардын укук жана эркиндигин тажрыйбада коргоого тийиш", экендигин ырастады.

Өзбекстанда прокуратура кызматкерлеринин күнү быйыл алгач ирет белгиленди.

1992-жылдын 8-январында маркум президент Ислам Каримов “Прокуратура органдары тууралуу” мыйзамга кол койгон. 2016-жылдын 19-декабрында “Прокуратура кызматкерлери жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. (SE)