Ноокатта жаңы курулган мектеп бузула баштады

Иллюстративдик сүрөт.

Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылындагы Темир-Корук орто мектеби курулуп бүтпөй жатып, бузула баштаганын аталган мектептин директору Абдразак Шерматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, мектептин курулушуна бөлүнгөн каражаттын жарымы да сарпталган эмес. Мектеп ишке берилбей жатып дубалдарынан жарака кетүүдө. Тактайлары чирип калгандыктан, мектепти курган компания аны кайрадан алмаштырууда.

Темир-Корук орто мектебин жоопкерчилиги чектелген “Ош технолайн курулуш” ишканасы курган.

Маалыматтар боюнча, 190 орундуу мектептин курулушуна 48 млн сом бөлүнгөн.(YI)