Суукка байланыштуу айрым мектептерде окуу токтотулду

Аяз.

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, окуу Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорундагы жана Нарын шаарындагы мектептерде токтотулду. Андан тышкары Суусамырда жана Тогуз-Тородо да мектептер ишин токтотуп, балдар убактылуу окушпайт.

Окуунун жандануусу ар бир аймакта өзүнчө, аба ырайынын жылышына карай жүргүзүлмөкчү.

Синоптиктердин маалымдашынча, Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Нарын облусунда сууктун күчү 25-30 градустан ашып жатат.(ZKo)