Апрел ыңкылабынын аксакал катышуучусу каза болду

Жуматай Жээнбаев

Апрел окуяларынын эң сакалдуу катышуучу Жуматай Жээнбаев 91 жашында каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын аксакалар кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жээнбаев 2010-жылга чейин мурдагы бийликке каршы активдүү чыккандардын бири болгон. Аны бир нече жолу милиция кармап кеткен эле. Улгайганына карабай 7-апрелде да эл менен кошо Ала-Тоо аянтында жүргөн.

Жуматай Жээнбаев өмүрүнүн акыркы жылдары Аксакалдар кеңешинин мүчөсү болуп келген.

Маркумдун сөөгү 15-январда Чүй облусундагы Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилет. (BkA)