Парижде Израил менен Палестинаны тынч сүйлөшүүгө чакырышты

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Аро конференция учурунда. 15-январь, 2017-жыл

70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого, аны бүлгүнгө учуратуучу бир тараптуу аракеттерден карманууга чакырышты.

Ошондой эле эки тарапты тең "эки мамлекет" деген мунасага макулдугун расмий билдирүүгө, ал эми бул идеяны чангандарга кошулбоого үндөштү.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас конференцияны кубаттаган. Бирок Израилдин премьер-министри Беньямин Нетянаху “антиизраилдик” сүйлөшүү болушу мүмкүн деп Парижге келүүдөн баш тарткан.

Израил менен Палестинанын буга чейинки акыркы сүйлөшүүсү 2014-жылдын апрелинде тогуз айлык талкуудан кийин ийгиликсиз аяктаган.

Жыйынга АКШ мамлекет катчысы Жон Керри катышты. Ал эми Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү келишкен жок.

Иерусалимдин статусу олуттуу талаштардын бири. Үгүт учурунда Трамп бул шаарды Израилдин борбору деп таанууга, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө убада берген.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди болочок өлкөсүнүн борбору санашат. Израил бүтүндөй шаарды расмий борбору деп эсептейт.