17-январга аба ырайы

Нарын, Аксай.

17-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,

Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...+4,

Нарын аймагында түнкүсүн -28...-33, күндүз -13...-18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -31...-36, күндүз -12...-17 градус болот.

Суусамыр өрөөнүндө сууктун күчү түнкүсүн -40, күндүз -24 градуска жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Түнкүсүн -9…-11, күндүз -1...+1 градус болот.