Авиакырсыкты ондон ашуун эл аралык адистер иликтеп жатат

Кыйраган учак.

“Манас” аэропортунун жанында болгон авиакырсыктын чоо-жайын ондон ашуун эл аралык адистер иликтеп жатышат. Транспорт жана жолдор министрлиги билдиргендей, Эл аралык авиация комитетинен, “Боинг” компаниясынан жана Орусиядан эксперттер тобу келди.

Гонконгдон Стамбулга бараткан түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы 16-январда таңга жуук Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Айылдагы жыйырмадан ашуун үйлөр кыйраган.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында балдар да бар. (SE)