Педофилдерге жазаны күчөтүү боюнча коомдук угуу болот

Анда жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамдын өзгөртүлгөн долбоору коомчулукка сунушталат. Иш-чара Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулууда. Акыйкатчынын басма сөз катчысы Апсамат Талантбек уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук кылмышы үчүн жазаны күчөтүү демилгесин Омбудсмен институту көтөрүп чыккан.

Иш-чарага ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, балдар укугун коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү катышат.

Жазында айрым активисттер жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу талабы менен чыгышкан эле.(ZKo)