27-январда түнкүсүн кар жаабайт, күндүз Нарын облусунун жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо бир аз кар жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6,
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 1...6,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Нарын облусунда түнкүсүн -23...-28, күндүз -8....-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13 суук.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -5…-7, күндүз 4…6 градус жылуу болот.