Британ парламенти ЕБдан чыгуу мыйзамын 31-январда талкуулайт

Британ парламентинин алдында ЕБ желегин көтөргөн адам

Британиянын өкмөтү Евробиримдиктен чыгуу боюнча мыйзам долбоорун жарыялады.

Парламент документти 31-январда талкуулайт деп күтүлүүдө.

Шейшембиде Британиянын Жогорку Соту министрлер кабинетин Лиссабон келишиминин шаркеттен чыгуу жараянын баштоону караган 50-беренесин ишке киргизүү үчүн парламенттин жактыруусун алууга милдеттендирген.

Премьер-министр Тереза Мэй бирдиктүү Европадан чыгуу процессин марттан кечикпей баштоо пландарын буга чейин айткан эле. Парламент депутаттарынын көбү болсо Евробиримдикте калууну жакташат. Добуш берүү Брекситти создуктуруп жибериши мүмкүн.