Мырзаке-Алайкуу жолу ачылды

Иллюстративдик сүрөт.

Кар көчкүдөн улам жабылган Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпы көлөмү 5000 метр кубга жакын кар көчкү беш жерден түшкөн. Жабыркагандар жок. (BkA)