Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин жыйынтыктарын карайт

Жогорку Кеңеш

Келе жаткан жумада Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийинки абалды өкмөттүк саатта талкуулайт. 2-февралдагы жыйында өкмөттүн курамы келип аталган маселе боюнча маалымат берет.

Буга чейин бир катар депутаттар кыргыз өкмөтү ЕАЭБдин алкагында өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатканын айтып, айыл-чарба продукцияларын экспорттөө начар жүрүп жатканын сындаган.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы жайында расмий мүчө болуп кирген. (SDz)