Футбол: “Дордой” – “Балкан” – 1:1

Эки команданын беттеши. 31-январь, 2017-жыл. ("Дордой" сары-көк, "Балкан" кызыл кийимчен). 

Бишкектин “Дордой” футбол командасы менен түркмөндөрдүн “Балкан” клубунун беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Оюн Азия конфедерациясынын кубогунун алкагында бүгүн Ош шаарында өттү.

Эки команда эми 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында ойнойт. Уткан команда “Хосилот” (Тажикстан) жана “Шахин Асмаи”(Ооганстан) беттешинин жеңүүчүсү менен таймашат. Андан жеңип чыккан клуб Азия конфедерациясынын кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.