Өкмөт ЕАЭБнин Кыргызстанга берген пайдасы тууралуу маалымат берет

Сүт компаниясы.

Кыргызстандын Орусияга ыктаган интеграцияга мүчө болуусунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат парламентте угулат. 

Буга чейин депутаттар өлкөдө ички-тышкы соода азайып кеткени тууралуу кабарлап, өкмөттүн маалымат берүүсүн талап кылышкан.

 Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы 16,7% төмөндөгөн. Биримдик өлкөлөрүнө жасалган экспорт мурунку жылга караганда 8,1% азайган.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген. Ишкерлердин айтуусунда, мүчөлүк тескерисинче уюмдун курамындагы Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөргө товар экспорттоону азайтканын айтып келишет. Казакстан Кыргызстандан эт-сүт азыктарын алып кирүүгө чектөө киргизсе, өткөн жылы Кыргызстандан барган миңдеген тонна жашылча-жемиштер Орусияга киргизилбей, кайтарылган.(ZKo)