Балыкчы шаарында 10-класстын окуучусу жанын кыйды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка караганда, 31-январда эртең менен саат 8.30дар чамасында Балыкчы шаарынын тургуну, шаардык ички иштер бөлүмүнө небереси сарайда асынып алганын айткан.
Окуяга эмне себеп болгону анык эмес. Ишти Балыкчы шаардык милициясы иликтеп жатат. Өспүрүмдүн денесинде кыйноо издери жок. Медициналык экспертиза текшерүүнү улантууда. Маркумдун ата-энеси жок, чоң энесинин колунда чоңойгон.
Кыргызстанда соңку күндөрү өспүрүмдөрдү жан кыюуга “Көк кит” аттуу виртуал “оюн” тараганы айтылып жатат. Ички иштер министрлиги бул маселеде дыкат болууну жана балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү өтүнүп, ата-энелерге кайрылган.
Балыкчыдагы окуянын бул опурталдуу оюнга байланышы барбы же жокпу, белгисиз.
Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл жыл башынан бери, тагыраагы бир ай ичинде эле 16 бала жанын кыйган. Бул сан былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу эки эсе көп. (AsM)